Бөлүмдөр
Шаршемби, 27-сентябрь
68.43    81.46    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Аксынын Ак-Дөбө айылындагы мектептин айрым мугалимдери нааразычылык билдирип чыгышты

Turmush -  Бүгүн, 8-июнда Аксынын Ак-Дөбө айылынын айрым тургундары Надыр Мамбетов атындагы мектептин директорунун мыйзамсыз иштен алынганына нааразы болуп чогулушту. Алардын арасындагы мугалимдер иш таштоого чейин бара туранын айтышты.

Аймактык кабарчы билдиргендей, нааразы тарап мурунку директор Калыбек Урустемовду кайрадан мектепке жетекчи кылуу талабын айтып, тарап кетишти.

Ал эми Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Угулай Зыябекова мектеп директору мыйзамдын негизинде кызматынан бошотулганын айтууда.

«Бүгүн Ак-Дөбө айылындагы Н.Мамбетов орто мектебинин директору Калыбек Урустемовдун кызматтан бошотулушуна каршы болгон туугандары нааразычылыкка чыгышты. Мен алар менен жолугуп, талабын уктум. Нааразы болгондор директорду кайрадан кызмат ордуна дайындоо талабын коюп жатат. Бирок, мыйзамда мектеп директору 5 жылдан 2 мөөнөткө гана дайындалат. Ал эми, К.Урустемов 15 жылдан бери мектепти башкарып келе жаткан. Биз мыйзамдын негизинде гана иш алып барабыз», - деди У.Зыябекова.

Н.Мамбетов мектебинин директору Калыбек Урустемов окуу жылынын аякташы менен кызматынан бошотулган. Учурда директордун милдетин анын орун басары аткарып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1112
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу