При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Аксыда 8 ай мурда 800 миң сом уурдагандар табыла элек

Turmush -  Аксы районунда 8 ай мурда 800 миң сом уурдалган фактынын бети ачыла элек.

2016-жылы 7-октябрга караган түнү унаа тетиктери сатылган дүкөндөн 800 миң сом акча жоголгон. Бул факты боюнча Аксы РИИБ кылмыш ишин козгогон.

Аксы РИИБдин башчысы Момун Добулбековдун айтымында, учурда бул фактынын бетин ачуу үчүн ыкчам топ иштеп жатат. «Кылмыштын бети ачыла элек. Аксы РИИБдин кызматкерлери бул иш боюнча издөө иштерин жүргүзүп жатат. Далил буюмдар дагы изделүүдө», - деди ал.

Бул кылмышка шектүү катары 21 жаштагы шектүү кармалып, бирок ал милиция ур-токмокко алуу менен кылмышты мойнуна алдырууга аракет кылып жатканын айтып чыккан. Кийин бул арызды прокуратура териштирип, уурулук фактысын тергөө иштери токтоп калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 568
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу