Бөлүмдөр
Шаршемби, 27-сентябрь
68.43    81.46    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Аксыдагы Алаң тоосуна Нарын коругунан 10 баш марал алынып келет

Turmush -  Аксы районуна караштуу Авлетим айыл аймагынын Алаң тоосуна ушул жылдын сентябрь айында Нарын коругунан 10 баш марал алынып келет. Бул тууралуу «Маралдарды Кыргызстандын аймактарына кайтаруу» долбоорунун жетекчиси Гамал Соронкулов кабарчыга билдирди.  

Анын айтымында, Батыш Тянь-Шань тоолорунда маралдарды көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан маралдарды кайтаруу багытын көздөгөн долбоор жазылып, колдоо тапкан.  

«Алгач Чаткал районуна маралдарды алып келүүнү көздөгөнбүз, бирок ишке ашпай калды. Маралдар биринчи төлгө чейин короодо багылгандыктан, 1 чакырым жерди королоо үчүн эле 10 миң доллар каражат сарпталат экен. Андан кийин Аксы районуна караштуу Авлетим аймагындагы браконерлерге каршы түзүлгөн жамаат менен сүйлөшүп, жергиликтүүлөр Алаң тоосу марал көбөйтүүгө ыңгайлуу экенин айтышты. Изилдеп көрсөк токойлору, булактары төп келишкен жер болуп чыкты. Союз мезгилинде бул аймакта 2 короо кой, 2-3 үйүр жылкы кармалган экен. Бир таман жолду жаап койсок, маралдар чыга албайт деп ойлодук», - деди Г.Соронкулова.  

Бул тоого маралдарды кайтарып келүү боюнча жазылган долбоорду эл аралык фонддор колдоого алып, 30 миң доллар грант бөлгөн. Эми сентябрь айында Нарын коругунан 10 баш марал унаа менен алынып келип, Алаң тоосуна учак менен ташталат.  

«Бизди «Борбор Азияда илбирсти сактоо» программасына биздин да долбоор киргени абдан сүйүндүрдү», - деди ал.  

Г.Соронкулов кошумчалагандай, Алаң тоосуна 100дөн ашык маралды кармоого болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1795
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу