Бөлүмдөр
Шаршемби, 27-сентябрь
68.43    81.46    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Аксыда селден жабыркагандарга берилген жерде жол, таза суу, электр энергия маселеси жаралды

Turmush -  Аксы районунда 1 жыл мурун селден жабыркагандар үчүн берилген жерде бир нече көйгөйлөр чечилген эмес. Бул тууралуу Кезер айылдык кеңешинин депутаты Шаршеналы Тагаев билдирди.

Анын айтымында, учурда жаңы конушта таза суу, электр энергия маселеси чечилбей турат.

«Кезарт, Чалдыбар айылында селден жабыркагандар үчүн берилген жерде жол, таза суу жана электр энергия көйгөйлөрү чечилген эмес. Бирок, учурда 6 үй-бүлө үй салуу аракетин көрүп жатат. Калгандар жол көйгөйү менен электр энергия маселеси чечилсе үй салабыз деп күтүп турушат. Мындан сырткары, мектеп куруу маселеси көтөрүлүүдө», - деди ал.

Буга чейин маалымдалгандай, Аксынын Чалдыбар, Кезарт айылдарында 2016-жылдын 3-майында жүргөн селден улам үйлөр жараксыз абалга келген. Тургундар убактылуу чатырларда жашашкан. Кийин өкмөт тарабынан ссуда берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 484
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу