Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Аксынын тургуну жер астынан өзгөчө буюм таап алды (фото)

Turmush -  Аксы районунун Жолборсту айылынын тургуну Талантбек Шайбеков жер казып жатып, 3 метр тереңдиктен казан сыяктуу буюм таап алды.

Жергиликтүү тургундун айтымында, бул буюмдун өзгөчөлүгү анын чоподон жасалгандыгында жана буга чейин казан катары колдонулушу мүмкүн.

«Бул буюмду үйдүн пайдубалы үчүн жер казып жатып таап алдык. Мындан сырткары, кумара да бар экен. Бирок, аны жер сүрүп жаткан трактор сындырып салыптыр. Казан сыяктуу буюмду бүтүн алып чыктык. Бул буюмду ата-бабаларыбыз казан катары пайдаланышы мүмкүн деп болжолдоп жатабыз», - деди Т.Шайбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9895
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×