Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Аксынын унаа барбаган Кызыл-Бейит айылынын жашоочулары медициналык кароодон өттү (фото)

Turmush -  Аксы районунда унаа барбаган Кызыл-Бейит айылынын жашоочулары медициналык текшерүүдөн өттү. Бул тууралуу Аксы райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы Разилбек Бөрүкулов билдирди.

Анын айтымында, алыскы айылдагы жашоочуларга медициналык жардамдар көрсөтүлдү.

«Кызыл-Бейит жана Разан-Сай айылдарынын элине медициналык жардам көрсөтүлдү. Аларды атайын топ медициналык аппараттар менен текшерүүдөн өткөрүп, айрымдарына ооруканага жолдомолор берилди. Аталган айылдар район борборунан алыс болгондуктан тургундар медициналык текшерүүдөн көп жылдардан бери өтө элек болчу», - деди ал.

Айылда 40тан ашуун кожолук жашайт. Унаа жол жок болгондуктан эл Таш-Көмүр ГЭСинин суусу аркылуу кайыктар менен катташат.

Кызыл-Бейит айылынын жашоочулары негизинен унаа каттамдын ордуна кайыкты колдонушат. Жергиликтүү жашоочулардын айтымдарында, 1978-жылдары ГЭСтер ишке кирген маалда айылды байланыштырган жол суу алдында калган. Ошол жылдан бери айыл жашоочулары Нарын суусунан кайык менен өтүшөт. Андан ары карай дагы 5 чакырым жол жүрүп, айылга жеткенге чейин 22 кечүүдөн, 6-7 көпүрөдөн өтүшөт. Суу көп кирген маалда каттам кыйынчылык жаратат.

Аталган айыл Кургокту жана Кызыл-Бейит болуп бөлүнүп, 70 түтүндө 400гө жакын жашоочу бар. Бул айылда бала бакча, мектеп, ФАП сыяктуу социалдык объекттер, электр энергиясы да жок. Базарга баруу үчүн негизинен Таш-Көмүр шаары менен Кара-Көл шаарынын ортосунан Ош—Бишкек жолуна чыгышат.

Айылда негизинен эчки кармалат. Себеби, айыл эчки багууга ылайыкташкан. Эл мал-жандыктарын да кайык менен алып өтүүгө аргасыз. Көпчүлүк ат менен бодо малды сууга сүздүрүп алып өтсө, кой, эчкилерди кайыкка жүктөшөт.

Айылда электр энергиясы жоктугуна байланыштуу айрымдар күндөн энергия алуучу каражатты пайдаланышса, көпчүлүк чырак жагат.

Тема боюнча:

02.06.2015Айыл турмушу: Электр энергиясы жок Аксынын Кызыл-Бейит айылынын жашоочулары унаа каттамдын ордуна кайыкты колдонушат (фото, видео)
24.06.2015Жол жоктугунан коңшу айылдарга кайык менен каттаган Аксынын Кызыл-Бейит айылы ГЭСтин жанында болсо да, электр энергиясы, ФАП жана мектеби жок (фото)
29.06.2015Айыл турмушу: Аксынын Кызыл-Бейит айылынын жашоочулары мал жандыктары үчүн тоюттарды кеме менен Нарын дарыясынан алып өтүшөт (фото)
07.07.2015Айыл турмушу: Аксынын Кызыл-Бейит айылынын тургуну күнүнө 50 баш эчки саап, 20 литрден сүт алат (фото)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 688
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×