Бөлүмдөр
Шаршемби, 27-сентябрь
68.43    81.46    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Аксынын Кызыл-Жар айылында 103 жаштагы ардагер Ж.Шералиев көз жумду (фото)

Turmush -  Аксы районунун Кызыл-Жар айылында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Жоро Шералиев 103 жаш курагында дүйнө салды. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты кечээ, 20-июнда өткөрүлдү.

Буга чейин Turmush басылмасы маалымдагандай, Жоро Шералиев Улуу Ата Мекендик согушта үч жолу жаракат алып, 7 кабыргасынан ажырап, бирок аман кайтып келген. Согуштан соң талкаланган чарбаны калыбына келтирүүгө салым кошуп, колхозду өнүктүргөн Социалисттик эмгектин баатыры болуп эсептелет.

Ал Кыргызстандагы совет бийлигинин ар бир жылын өз жону менен сезип чоңойгон. Мектепте кат сабатын жойгондон кийин алгачкы эмгек жолун 1938-жылы азыркы Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун аймагындагы Бирлик колхозунда баштаган. Андан көп өтпөй Германия кол салган кезде, 1941-жылы көпчүлүк курбалдаштары сыяктуу согушка аттанган. Кыска даярдыктан кийин Москванын алдындагы салгылашууга катышкан. Маршал Жуков башчылык кылган фронтто 65-аткычтар дивизиясында автоматчы, кол пулёмотчу болуп кызмат кылган.

Ошол салгылаштарда кабыргасына катуу ок жеп, үч ай ооруканада дарыланып жаткан. Андан чыккандан кийин кайра эле катарга туруп, Ленинград салгылашууларына катышып, ал жерде да жаракат алган. Ооруканадан айыгып чыккан соң аны Сталинград фронтуна жөнөтүшөт. Ал шаардын көчөлөрүн душмандан бошотуу учурунда колунан катуу жаракат алып, ооруканада жети ай дарыланууга туура келген. Үч жолу катуу жаракат алган жоокер фронттон тышкаркы жактарга кызмат кылууга жиберилген. Ардагер айылына согуштан кийин көптөгөн орден-медалдарын тагынып кайтып келген.

Согуштан кайтып келип, 1946-1962 жылдары Жаңы-Жол (азыркы Аксы) районундагы Кызыл-Рават, Үч-Коргон, Карл-Маркс атындагы колхоздордо колхозчу, бригадир, участка башчысы болуп иштеген. 1962-жылдан баштап ардактуу эс алууга чыкканга чейин Жаңы-Жол районунун «Кызыл-Жар» совхозунда пахтачылардын бригадири болуп иштеген.

Ж.Шералиев эмгектеги жетишкендиктери менен ошол кездеги «Кызыл-Жар» совхозунун даңкын бүткүл союзга чыгарган. Удаасы менен эки жолу Ленин ордени, Октябрь революциясы ордени жана Социалисттик эмгектин баатыры наамы берилген.

Ошондой эле, ал коомдук иштерге активдүү катышып, Кыргыз ССРинин Жогорку Советине №282 Кызыл-Жар шайлоо округунан депутат болуп, калктын мүдөөлөрүн аткаруу үчүн күч-аракетин жумшаган. Өмүрлүк жолдошу Айтбүбү менен тогуз балалуу болуп, көптөгөн неберелерди, чөбөрөлөрдү көрдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 495
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу