Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Айыл турмушу: 10 гектар таштак жерге дарбыз эккен аксылык дыйкан мол түшүм жыйноо алдында турат (фото)

Turmush -  Аксы районунун Кызыл-Жар айылынын 43 жаштагы тургуну Максат Андашбеков 8 жылдан бери дыйканчылык менен алектенет.

Ал жыл сайын өзүнүн үлүш жерлеринен сырткары кошумча жер алып, ага дарбыз эгет. Быйыл жалпы 11 гектар жерге дарбыз эгип, эми түшүм алуу алдында турганын аймактык кабарчыга айтып берди.

М.Андашбековдун айтымында, быйыл ал суу чыкпаган, 10 гектар таштак жерге дарбыз эккен. Себеби, таштак жерге эгилген дарбыз чоң жана түшүмдүү болот.

«Мен ушул айылда туулуп, ушул жакта өскөндүктөн жаш кезибизден эле талаага чыгып, дыйканчылык кылып чоңойдук. Кийин пахта чаап, дарбыз эккенге өттүк. Кийинчерээк үйлөндүм. Ошол жылдары миграция өтө күчөп, мен да Рассияга барып иштедим. Орус эли да кучак жайып тосуп албайт экен. Ал жактан эптеп бир аз тыйын топтоп, кайра кайттым. 2009-жылы атам каза болуп калды. Мен үйдүн кенжеси болгондуктан апамды жана балдарымды карашым керек эле.

Үлүш жерибизди айдатып, ал жерге дарбыз эктик. Кийинки жылы ижарага кошумча жер алып, ал жерге коон айдадык. Ошентип, тиричиликти уланттык. Быйыл өзүмдүн жеке карамагымдагы 11 гектар жерди иштетип жатам. Мындан сырткары, досторум менен биригип 9 гектар жерди иштетебиз. Айылдын чыга бериш жерде көп жылдан бери суу чыкпай, куурап калган таштак жер бар. Ал жерди кеч күздө айдатып, эрте жазда дарбыз эктик. Саналуу күндөрдөн кийин ал дарбыздарды үзүп, сатууга алып чыгабыз», - дейт ал.

М.Андашбеков куураган жерге дарбыз эккенде көпчүлүк адамдар таң калганын белгиледи.

«Негизи таштак жерге эгилген дарбыз түшүмдүү жана салмагы да чоң болот. Ал эми көпчүлүк дыйкандар жыл сайын иштеткен жерине дарбыз эге берип, ал жердин күчү кетип калды. Ошонун баарын эске алып, ушул жерге дарбыз эктим. Ооба, бир топ кыйынчылыктар бар, мисалы суу маселеси. Таштак жер болгондуктан ал жерди эки күн сайын сугарып туруу абзел. Биз дыйканчылык кылган жерде суу чыкпайт. Мындан 20 жыл мурда суу чыгарып берүүчү насостор иштеп, түтүктөр аркылуу суу агып турчу. Ал эми СССР тарагандан бери бул жерлерге суу келбей, түтүктөрдүн баары эскирип калган.

Мындан улам биз 65 миң сомдон эки насос алып, ага солярка куюп, эптеп сугарып жатабыз. Бир күндө дарбызды сугарыш үчүн орто эсеп менен миң сом сарпталат. Сууну арыктын жээгинен талаага чейин 700 метрлик шланг менен жеткиребиз. Анын метрин 70 сомдон сатып алам. 10 гектар жерди он күндө араң сугарып бүтөбүз. Ага кеткен чыгым 10 миң сомдон ашат. Ошондуктан, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сугат суу маселесин чечип берсе абдан жакшы болмок. Өткөн жылы 8 гектар жерге дарбыз эгип, андан түшкөн каражатты студент балдарымдын окуу акысына жумшап, жаңы үйдүн пайдубалын курдум. Быйылкы түшүмдөн түшө турган каражатка жаңы үй куруп, балдарымдын окуусуна берем. Ошондой эле, быйыл тун уулум 20 жашка чыгат. Аны туулган күнү менен куттуктап, жаңы унаа алып берсем деген ниетим бар», - дейт элеттик дыйкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7268
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×