При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Айыл турмушу: «Мыкты кол өнөрчү» наамынын ээси Г.Чыналиева 7 дубанда улуттук кийимдерди даңазалап жатат (фото)

Turmush -  Гүлмира Чыналиева кесиби боюнча юрист. Ал учурда накта кездемелерден заманбап стилдеги улуттук кийимдерди, шырылган чапан, белдемчи, ар бир мезгилге ылайыктуу көйнөктөрдү тигип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Г.Чыналиева үй-бүлөдө 8 бир тууган. Атасы Арипжан Акимжанов Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылынын кулуну. Апасы Эсенбүбү Жунусбаева кесиби боюнча мугалим, учурда 67 жашта.

Ага кол өнөрчүлүк чоң энеси менен таенесинен калган. Чоң энеси СССР маалында Көк-Жаңгак шаарындагы тигүү фабрикасында тикмечи болуп эмгектенген. Ал куракты мыкты курап, айыл ичине таанылган адам болгон. Ал эми, таенеси шырдакты жакшы жасаган.

«Таенем ар бирибизди атап шырдак жасап берчү. Шырдакты Аксыда торболжун деп аташат. Мен 1989-жылы Аксыдагы Кербен айылындагы орто мектепти аяктап, Жалал-Абад шаарындагы педагогикалык окуу жайынын башталгыч класстар бөлүмүн бүтүргөм. Андан кийин 1996-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетине кабыл алынып, аны 2001-жылы аяктап, кесибим менен иштеп жүрдүм.

Бала чагымда чоң энеме, таенеме жардам берип жүрүп кол өнөрчүлүктү өздөштүрдүм. Ошондо эле улуттук кийимдерди тиксем деп кыялданчумун. Ошентип, 2016-жылы жолдошумдун колдоосу менен көптөн бери эңсеп жүргөн кыялымды ишке ашырып, улуттук кийимдердин студиясын негиздедим», - деди Г.Чыналиева.

Чебердин колунан тигилген кийимдердин баасы 3 миң сомдон 15 миң сомго чейин болот.

Гүлмира айым жолдошу Алмазбек Чыналиев менен бирге түтүн булатып жашаганына 20 жылдын жүзү болду. Алар учурда 1 кыз, 1 уулду тарбиялап келишет.

Кол өнөрчү 2016-жылы Россиянын Москва шаарындагы жана Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы көргөзмөлөргө активдүү катышкан. Ушул эле жылы «2016-жылдын мыкты кол өнөрчүсү» наамын алууга жетишти.

Чебер айым учурда «Жаз деми» коллекциясы менен Кыргызстандын 7 дубанындагы шаарларды кыдырып, улуттук кийимдерди даңазалап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 995
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу