Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Аксыда 3 жаштагы бала дарыяга чөгүп кетти

Turmush -  Аксы районундагы Авлетим дарыясына 3 жаштагы бала чөгүп кетти. Бул тууралуу маалыматты ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгы тастыктады.

Маалым болгондой, окуя 21-июнда саат 17:30 чамасында катталган. Аксы районунун Кара-Жыгач айыл аймагынын Кара-Жыгач айылында 2014-жылы туулган Н.Э. Авлетим дарыясынын жээгинде ойноп жатып, сууга агып кеткен.

Жергиликтүү тургундар издөө иштерин жүргүзүп, 500 метр ылдый тереңдиктен баланын жансыз денесин табышып, ата-энесине өткөрүп беришкен.

Облус боюнча жыл башынан бери сууга агып каза болгон өспүрүмдөрдүн саны 6га жетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 915
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×