Бөлүмдөр
Шаршемби, 27-сентябрь
68.43    81.46    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Тогуз жылдан бери талашка түшкөн Падыша-Ата коругунун соттук иши 27-июнда кайра каралат (фото)

Turmush -  Аксы районунун Кашка-Суу айылындагы Падыша-Ата коругу 2008-жылдан бери эл менен жеке ишкердин ортосундагы талашта турат. 9 жылдан бери талашка түшкөн коруктагы 4 гектар жер боюнча соттун чечими чыга элек.

Жеке ишкер корукту көп жылдык мөөнөткө ижарага алдым десе, айыл өкмөт жетекчилиги келишим мурдагы Авлетим токой чарбасы менен түзүлүп калганын айтып келет. Жергиликтүү тургундар мазар талашка түшкөндөн бери оңдоп-түзөө, жашылдандыруу иши солгундаганын айтып келишет.

Кашка-Суу айылдык кеңешинин депутаты Эралы Шатманов коруктун өнүгүшүнө талаш тоскоолдук жаратып, соттор ишти создуктуруп жатканын белгиледи.

«Падыша-Ата коругу 9 жылдан бери Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн эли менен жеке ишкердин талашында турат. 4 гектар жерди жеке ишкер Эркин Бегимкулов 99 жылдык мөөнөткө ижарага келишим түзгөнүн айтып келүүдө. Бирок, Падыша-Ата коругу өз алдынча бөлүнүп чыккандан кийин жаңы келишим түзүлгөн эмес. Ишкер келишимди Авлетим токой чарбасынын карамагында турганда түзгөн. 2013-жылы корук өз алдынча бөлүнгөндө өкмөттүн буйругу чыккан. Анда корук аймагына курулуш курууга тыюу салынып, мурдагы келишимдерди жокко чыгаруу каралган. Ошого карабастан ишкер жаңы келишим түзбөстөн эл менен соттошуп келет. Соттошуулар созулган сайын коруктун аймагын көрктөндүрүүгө жана өнүктүрүүгө тоскоолдуктар жаралып келүүдө. 10 миңдей адамдын эмес, жеке адамдын кызыкчылыгы корголуп жатат», - деди ал.

Падыша-Ата мамлекеттик коругу мурда Авлетим токой чарбасынын карамагында токой макамында турса, кийин 2013-жылы өз алдынча мамлекеттик корук болуп бөлүнүп чыккан. Учурда корук 30 миң гектардан ашык аянтты камтыйт.

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Улук Керимкулов соттук иштерден тажаганын белгиледи. Сот отурумдары айыл өкмөттүн жетекчилигин жүдөткөнүн, жеке ишкер 10 миңдей тургундун пикирин эске албай жатканын айтат.

«Чынын айтканда 9 жылдан бери соттук иштерден тажадык. Сот деп жүрүп иштен калып жатабыз. Ай сайын сотко барууга туура келүүдө. 10 миң адамдын оюн жеке ишкер эсепке албай, өзүнүн кызыкчылыгын коргоп келет. Кайрылбаган жерибиз калган жок. Көп жерлерге кайрылганыбыз менен жыйынтык чыкпай келүүдө. Ишкер мени айылдык кеңештин депутаттарын жана коруктун өзүн сотко берип жатат. Мени менен ишкердин соту Жогорку сотко жетсе, корук боюнча сот Аксы райондук сотунда каралууда. Эл азыркы учурда сотторго жана жогорку бийлик өкүлдөрү бул ишти аягына чыгарбаганына нааразы болуп турат», - деди У.Керимкулов.

Жеке ишкер менен элдин талашында турган жер 4 гектарды түзсө, анын 2 гектары Падыша-Ата мазары, 2 гектар аянты эс алуучу жай болуп эсептелет. Коруктун айланасындагы талаш боюнча Аксы, Ала-Бука жана Жалал-Абад райондор алык соту бир нече жолу карап чыккан. Бул иш учурда Аксы райондук сотунда 27-июнда кайрадан каралат.

Корукту талашып жатат деген жеке ишкер Эркин Бегимкулов коруктун аймагын көрктөндүргөндөн кийин айыл өкмөт жетекчилиги жана эл аны талашып жатканын, ал мазардын 2 гектар жана эс алуучу 2 гектар жерди көп жылга ижарага алганын айтып келет.

Падыша-Ата мамлекеттик коругунун жалпы аянты 30 миң 500 гектардан ашат. Корукта аюу, суур, кийик, илбирс, сыяктуу жапайы жаныбарлар болсо, кызыл китепке кирген бак-дарактар жана чөптөр өсөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1166
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу