Turmush - Аксы районунун Кербен шаарындагы мал базарда малдын баасы жогорулады, деп билдиришти тургундар. Алардын айтымында, кой, эчки, уйлар жакшы баага сатыла баштады.
«Уйлардын баасы 25-30 миң сомдон 100 миң сомго чейин жетсе, жылкылардын баасы төмөндөп, 35-40 миң сомдон баштап, 70 миң сомго чейин жетүүдө. Ал эми койлордун баасы мурдагыга салыштырмалуу 5-6 миң сомго жогорулаган. Мурда 5-6 миң сомго бааланга койлор учурда 10-12 миң сомго чейин сатылып, орточо койдун баасы 9-8 миң сом болууда. Чоң койлор 12 миң сомго чейин сатыла баштады. Эчкилердин баасы дагы жогорулап, семиз эчкилер 6-7 миң сомго бааланууда», - дешет жергиликтүүлөр.
Кербен базарына Ала-Бука районунан дагы адамдар келип, соода жүргүзөт. Базарга болжол менен 3-4 миңдей адам келет. 100дөй жылкы жана уйлар, ошондой эле 200дөн ашуун кой-эчки сатыкка чыгарылат.
Буга чейин Аксыда койлордун жана уйлардын баасы кескин арзандап кеткен.