Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Жалал-Абад

Аксыда бүтүрүүчүлөрдүн аттестаттары жараксыз болуп калды

Turmush -  Аксы районундагы мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө бериле турган аттестаттар жараксыз болуп калды.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Угулай Зыябекова билдиргендей, жогорку окуу жайларга бара турган абитуриенттерге убактылуу тактама кагаздар берилип турат.

«Аттестаттарда Кыргыз Республикасынын деген сөздө «н» тамгасы жазылбай калып, ката болуп калган. Ал катачылык басмаканадан кеткен. Учурда Билим берүү жана илим министрлиги менен сүйлөшүп, бүтүрүүчүлөргө тактама кагаз берип турабыз. Кийинчерээк жаңы аттестат берилет», - деди ал.

Аксы районунда быйыл 967 бүтүрүүчү мектепти аяктады.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 13891
Көп окулду
×