При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Аксыда 1 миңден ашуун түтүн эл жашаган Жерге-Тал айылында таза суу түтүктөрү жарабай калды

Turmush -  Аксы районунда миңден ашуун түтүн эл жашаган Жерге-Тал айылында таза суу түтүктөрү жараксыз абалга келди. Айылдык кеңештин төрагасы Кеңешбек Шакыев билдиргендей, жараксыз абалга келген суу түтүктөрү 1949-жылы курулган.

«Миң-Булак суусуна орнотулган суу түтүкчөлөр жарабай калды. Мындан сырткары, ал суу түтүкчөлөр айыл чоңойгондон кийин элди толук суу менен камсыз кыла албай калган. Учурда суу түтүкчөлөрү ар кайсыл жеринен жарылып, көйгөй жаратып жатат. Өткөн жылы аларды жаңылоо максатында чет өлкөлүк инвесторлор келген. Бирок, алар азырынча ишти башташа элек. Учурда айылда таза суу маселеси чоң көйгөй болууда», - деди ал.

Айылдык кеңештин төрагасы белгилегендей, Жерге-Тал айылынын тургундары элдик салым катары таза суу үчүн 2 млн сомдон ашык каражат чогулткан.

Жерге-Тал айылы сугат сууну насостук станция аркылуу Итагар айылынан алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 409
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу