Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Айыл турмушу: 30 жылдан бери аары баккан аксылык Ж.Эгемов өндүргөн балын Өзбекстанга сатат (фото)

Turmush -  Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар айылынын 59 жаштагы тургуну Жолдошбай Эгемов 30 жылдан бери аары чарбачылыгы менен алектенет.

Ж.Эгемов буга чейин СССР мезгилинде совхоздун автобусун айдап, 25 жыл мамлекетке кызмат кылгандыгын айтат. Учурда анын 30дан ашык бал челеги бар. Ал Өзбекстандан алынып келинген өзгөчө породадагы аарыларды багып, бал өндүрүүдө.

«Совет доорунда Кызыл-Жар совхозунун автобусун айдап, Кыргызстанды түрө кыдырып чыктым. Ошол учурда аары багууга абдан кызыктым. Бирок, убакыттын тардыгынан улам, бул ишке жакшы көңүл бөлө алган эмесмин. Ошол учурда 4-5 челекти сатып алып, үйдөгү короого коюп, багып жүрдүм. Аларды иштен келгенден кийин карап, аары багууга болгон кызыгуум күчөп, челектердин санын көбөйттүм. Иштин башында балчылык боюнча түшүнүгүм жок болгондуктан кыйналган учурларым болду. Биз бала кезде кошуналарыбыз орус улутундагы адамдар эле. Аларды көрүп, балчылык кылууга кызыгуум артып калды окшойт.

Мен айылда сыналгы, кир жуучу машина жана муздаткыч, радио оңдогон жалгыз уста элем. Күндөрдүн биринде устаканама бир жигит келип, өзүңүз көрүп жаткан сыналгыңызды мага бериңизчи, мен сизге бал берүүчү аарыны уясы менен берейин деп айтып калды. Ошол учурда айрым гана адамдардын үйүндө сыналгы бар болчу. Ага өзүмдүн сыналгымды берип, аарыларды челекке салып, короомо түшүрүп койдум. Эгер жакшы карабасаң аарыларга да көңүл бөлүнбөй, алар ооруп, жада калса өлүп калган учурлар кездешет экен. Аларды кароого бир топ убакыт керектелет», - дейт балчы.

Ал бир сезондо 350-400 килограммга жакын бал ала тургандыгын белгиледи.

«Эрте жазда гүлдөр жаңы ачылып калган кезде, айылда күн өтө ысып кеткенде бал челектерди Падыша-Ата коругуна алып барсам, кеч күздө кайра айылга алып келем. Тоо-ташта көп болгонум үчүн өндүрүлгөн бал таза болот. Өткөн жылы балдын 1 килограммын 250 сомдон Өзбекстанга саттым. Баарынан да Аксынын балы өтө таза келип, дарылыкка колдонулат экен. Эми аарылардын башка дагы породасын баксамбы деп ойлоп жатам. Кээ бир досторум тамашалашып: «Биз февраль айынан кеч күзгө чейин талаада эмгектенип акча тапсак, сен үйүңдө аарылар менен сүйлөшүп отуруп киреше таап аласың», деп айтып калышат. Чындыгында эртеден кечке ушул аарыларды карап жатып, алар менен достошуп да калат экенсиң», - дейт Ж.Эгемов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1667
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×