Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калды

Turmush -  Аксы районунун Жерге-Тал айыл өкмөтүндө кайрадан кворум болбой, айыл өкмөт башчы шайланбай калды. Айылдык кеңештин төрагасы К.Шакыев билдиргендей, шайлоого 8 депутат келген жок.

«Айыл өкмөт башчысын шайлоого 10 депутат келди. 3 депутат атайын арыз менен уруксат сураган. Бирок, 8 депутат дайынсыз болуп, шайлоого келбей койду. Ошол себептен кворум болбой, айыл өкмөт башчысы шайланбай калды», - деди ал.

Жерге-Тал айылдык кеңешинин депутаттары март айында 2 ирет чогула албай, айыл өкмөт башчысын шайлабай тарап кетишкен. Жаңы шайланып келген депутаттар бүгүн, 5-июлда кайрадан бириге алган жок.

Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчылыгына Таалай Айткулов жалгыз талапкерлигин көрсөткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 825
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×