Бөлүмдөр
Шаршемби, 27-сентябрь
68.43    81.46    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Аксыда саясатчы А.Бекназаровдун уулу айыл өкмөт башчы болуп шайланды

Turmush -  Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 37 жаштагы Руслан Бекназаров шайланды, деп билдирди айылдык кеңештин депутаты Тилеген Керимкулов. Анын айтымында, шайлоого 16 депутат кытышып, алар Р.Бекназаровду колдошту.

«Бүгүн, 5-июлда Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Руслан Бекназаров шайланды. Шайлоого катышкан 16 депутаттын баардыгы ага добуш беришти», - деди ал.

Айыл өкмөттөгү 21 депутаттын бешөө шайлоого катышкан жок.

Буга чейин маалымдалгандай, Кара-Суу айыл өкмөтүндө 2 тур менен шайлоо өтүп, талапкерлер жетиштүү добуш албай калышкан. Шайлоо 26-январда өтүп, айыл өкмөт башчылыгына 4 талапкер ат салышкан болчу. Алардын бири Алибек Ташкулов шайлоо башталганда талапкерлигин алып салса, 3 талапкер — Базаркул Жоошбаев, Руслан Бекназаров жана Салимбү Кадыркулова жетиштүү добуш алышкан эмес.

Шайлоонун 2-турунда Руслан Бекназаров менен Базаркул Жоошбаев ат салышкан. Р.Бекназаров 10 добуш алса, Б.Жоошбаев 8 добуш алып, 3 адам каршы добуш берген. Шайлоонун жыйынтыгы менен Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган. 6 күндөн кийин шайлоодо кворум болбой, айылдык кеңеш тарап кеткен болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1233
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу