При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Аксыда топ ойноп жүргөн окуучуну унаа сүзүп кетип каза болду

Turmush -  Аксынын Авлетим айылында жашаган окуучуну унаа сүзүп кетти. Бул маалыматты Авлетим айыл өкмөтүнүн айыкмактык тескөөчүсү Марат Чекиров дагы тастыктады.

Маалымат боюнча, 3-июль күнү болжол менен саат 17:00 чамасында 7-класстын окуучусу Д.Э.ни «Ауди 100» үлгүсүндөгү унаа сүзгөн. Окуучу жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, бирок алган жараатынан улам 5-июл күнү көз жумган. Бүгүн, 6-июлда айылында жерге берилди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, каза болгон окуучу балдар менен топ ойноп жүрүп, топтун артынан жолго чуркап чыккан учурда унаага урунган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 673
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу