При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Сары-Челек лагеринде аксылык 100 бала эс алууда

Turmush -  Аксы районундагы Сары-Челек эс алуу борборунда райондогу билим берүү жана башка тармактардын кызматкерлеринин 100 баласы эс алууда. Бул тууралуу маалымат райондук администрациянын социалдык секторунун башчысынан алынды.

Анын маалыматына караганда, бул лагерде жай айларында профсоюздардын эсебинен он күндүк мөөнөт менен 300 баланы эс алдыруу пландалган. Алар 3 топ менен барышат.

«Ошондой эле, эмки аптада райондун Кашка-Суу эс алуу борборуна эс алуу үчүн 50 окуучу жөнөтүлөт», - деди социалдык сектордун башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 268
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу