При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Аксыда 2 мектептин курулушу аяктап калды

Turmush -  Аксы районунда эки мектептин курулушу 80-90%га бүтүп калды. Аксы райондук билим берүү бөлүмүнөн алынган маалыматка караганда, республикалык бюджеттин эсебинен каражат бөлүнүп, тургузулуп жаткан бул мектептер быйылкы жаңы окуу жылына карата аяктап, ишке берилүүсү ыктымал.

Бул мектептер — райондун Жаңы-Жол айылындагы 192 орунга эсептелген эки кабаттуу Ж.Кожобеков атындагы Ы.Акылбеков атындагы орто мектеп жана Авлетим айыл аймагына караштуу 225 орундуу Ы.Акылбеков атындагы орто мектеп.

«Эки мектептин курулушу 2016-жылы башталган. Алар менен бирге былтыр курулуп баштаган эки мектептин курулушуна быйыл каражат бөлүнгөн жок. Алар — райондун Кош-Дөбө айыл аймагындагы Ж.Султанов атындагы орто мектеп жана Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу Э.Арстанбаев атындагы орто мектеп. Бул мектептердин курулушу 70-80%га бүткөн, эмеректер ташылып келген», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 215
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу