При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Ак-талаадагы бензиндин начардыгынан унаалар бузулуп жатат, - айдоочулар (видео)

Turmush -  Ак-Талаа районундагы айдоочулар күйүүчү майдын (бензин) сапаты начар болуп жатканына нааразы болушууда. Алар бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына билдиришти.

Алардын айтымында, Баетов айылынын кире беришинде 3 даана май куюучу жай иштеп, райондогу көпчүлүк айдоочулар ошол жерден май куюп келишет. Бирок айрым айдоочулар бензиндин сапаты начар болуп, автоунаалары бузулуп жатканына нааразы.

Баетов айылынын тургуну Орозбек Карагулов бензиндин начардыгынан техникалар бузулуп жатканын белгиледи.

«Жайлоого барабыз, мал-жандык алып келебиз. Ал үчүн таксилерди айдатабыз. Мисалы 5 литр бензин менен барып-келе турчу жерге 7-8 литр бензин менен барабыз. Майлары сыр (краска) жыттанат. Жолдон унаалар бузулат. Бул күйүүчү майларды текшерип койгон жан барбы? Идиштерге куюп барабыз. Анын түбүнөн жок дегенде 100-200 грамм суу чыгып калат. Бизге сапаттуу күйүүчү май менен камсыздап туруучу атайын жай куруп беришсе жакшы болот эле», - деди ал.

Ал эми, атын атагысы келбеген жаш айдоочулардын бири А-92 бензининин баасы 38 сом болсо, А-80 35 сомдон экенин белгиледи.

«Бул жерде май куюучу 3 жай иштейт. А-92 жана А-80 үлгүсүндөгү эки түрлүү бензин сатылат. Бирок экөөнүн айырмасы деле жок. Сыр (краска) жыттанып турат. Мунун кесепетинен унааларыбыздын тетиктерине зыян келип жатат. Жогору жактан келип атайын текшерип беришсе жакшы болмок. Биз деле кызылдай акчага сатып алабыз. Кыштын күнү бензин кадимкидей эле тоңуп калган учурлар кездешти. Демек суу аралашкан бензин. Кара түтүн да чыгат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1816
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу