При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Кара-Жыгач айылынын тургундары айыл өкмөт башчысы шайланбай калганына нааразы (фото)

Turmush -  Аксы районунун Кара-Жыгач айылынын тургундары айыл өкмөттүн башчысы шайланбай калышына нааразы болуп чыгышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Учурда Кара-Жыгач айылынын 50дөй тургуну айыл өкмөттүн имаратына чогулуп, айылдык кеңештин депутаттарына нааразычылык билдиришүүдө. Айрым тургундар айыл өкмөт башчы шайланбай, сугат суу берүү көйгөйү жаралып жаткандыгын белгилешти.

Бул маалыматты Кара-Жыгач айылдык кеңештин депутаты Мурат Турдубаев тастыктап, тургундар айыл өкмөт башчысын шайлап, эл үчүн кызмат кылууну талап кылышууда.

«Чогултан тургундар депутаттарды биримдикке чакырып, айыл өкмөт башчысын батыраак шайлоо талабын коюп жатышат. Депутаттар эл менен жолугушуп, элдин талаптарын угушту», - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн, 11-июлда Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого 10 депутат келбей, айыл өкмөт башчысы шайланбай калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 296
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу