Бөлүмдөр
Шаршемби, 27-сентябрь
68.43    81.46    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Фото - Унаа каттамдын ордуна кайыкты колдонгон Кызыл-Бейит айылынын элине электр энергия берүү пландалууда

Turmush -  Унаанын ордуна кайыкты колдонуп, электр энергиясы жок жашаган Аксы районунун Кызыл-Бейит айылынын тургундарынан өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев  кабар алды, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Кечээ, 11-июлда ыйгарымдуу өкүл баштаган бийлик өкүлдөрү алгач Аксы районуна караштуу Ак-Жол айыл аймагындагы Разан-Сай, Кызыл-Бейит айылынын жашоочулары менен жолугушту. Жолугушуу Разан-Сайда өтүп, жашоочулар айылдагы мектеп оор абалга кептелип калгандыгын, жаңы мектеп куруу зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле, айылдыктар электр энергиясы өчүп калса, 2-3 күн күтүп калышаарын айтышты. Күрп-Сай ГЭСинен чыккан бир линия тоо башындагы телестанцияга, айылга жарык берет. Кокустан тоо башында катуу шамалдан жарык өчсө, элеттиктер 2-3 күндөп жарыксыз отуруп калышат. Айрыкча кыштын күндөрү жарыктын өчүп калуусу кыйынчылык жаратат. Мындан сырткары, айылдыктар Таш-Көмүр шаардык аймактык ооруканага барган тапта айрым учурда «Аксы районуна карайсыңар» деген жүйөө менен кабыл албай коюшарын, районго баруу кыйынчылык жаратарын айтышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө калк үчүн өзүнчө трансформатор карап берүү суранычы айтылгандыктан, бул маселе каралмай болду. Эл үнүн уккан облус жетекчиси элдин социалдык абалын жакшыртуу үчүн өкмөт тараптан бир топ алгылыктуу жумуштар жасалып жатканын, калк койгон маселелер акырындык менен чечилип жатканын белгиледи.

«Таш-Көмүрдөгү оорукананын кызматкерлери жарандарды кабыл албай койгону туура эмес, бул маселени өзүм көзөмөлгө алам. Ооруп барган адамга сылык мамиле жасап, жардам берилиши керек. Ал эми мектептин абалы чынында оор экен. Бул айылга 100 орундуу мектеп куруу зарыл, бул боюнча быйыл тийиштүү кадамдарды жасап, келээрки жылга бюджетке коштурууга болгон күчүбүздү жумшайбыз», - деди өкмөт өкүлү.

Ал эми, дарыгерлер жашоочулар негизинен Таш-Көмүр аймактык ооруканага барышаарын, аталган оорукана кабыл алып жатканын билдирүүдө.

Андан соң өкүл өмүрү жарык барбаган, Нарын дарыясын кайык менен кесип өтүп жашоо кечирип келе жатышкан Кызыл-Бейит айылынын жашоочулары менен жолугушту.

Маалым болгондой, аталган айылга жетүү үчүн Нарын дарыясынан кайык менен өткөндөн соң дагы 15 чакырым тоо боорлоп, кыя жол менен 15 чакырым аралыкты басып, 24 кечүүдөн өтүшөт.

Жашоочулар өкүлдөн эки гана маселени чечип берүүнү суранышты. Башкача айтканда, айылга тоо боорлоп, унаа барчу жолду тазалап берүүнү жана айылга жарык жеткирүүнү суранышты.

Жергиликтүүлөр ырастагандай, тоо боорлоп барчу жол жаан-чачын орун алгандан кийин эле таштар түшүп, жабылып калат. 2-3 жылдан бери андагы жол тазалана элек. Эгер унаа барчу жол тазаланып калса, калк мал-жандыктарына тоюттарды, ошондой эле курулуш материалдарын да кыйналбай ташып алышат. Анткени тоо боорлогон жол каттамы токтогондуктан мал-жандыктарга сатып алган чөптөрүн, турак жайларына курулуш материалдарды ат, эшек менен ташып, убара тартып келишет.

Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Бердалы Мырзагулов унаа барчу жолду ачууга күйүүчү май жетишсиз экенин айтты. Ошондой эле, ал калкка кабель тартуу жолу менен жарык жеткирүү боюнча долбоор даярдалганын белгиледи.

«Токтогул районуна караштуу Токтобек-Сай деген айыл бар экен, ал айылга кабель тартылып барып, айылга трнсформатор коюлуп жарык берилиптир. Биз да ошондой жол менен жарык жеткирсек болот экен, өзүбүзчө эки жыл мурда эсептесек 4 миллион сомдун тегерегинде акча кетет экен», - деди ал өз сөзүндө.

Өз кезегинде облус жетекчиси аталган долбоорду ишке ашырууга аракет кыла тургандыгын айтты.

«Кабель тартуу жолу менен маселе чечилсе, аракет кылалы. Силер кайрадан суммасын тактап, эсептеп чыккыла, биз өкмөткө жөнөтөлү», - деди ал.

Жолугушууда унаа барчу жолду тазалоого кеткен күйүүчү май ӨКМ менен сүйлөшүп чечилери айтылды.

Эске салсак, Кызыл-Бейит айылында 80ге жакын кожолук, 300дөн ашуун калк жашайт.

Жашоочулар унаа каттамдын ордуна кайыкты колдонушат. Жергиликтүү жашоочулардын айтымдарында, 1978-жылдары ГЭСтер ишке кирген маалда айылды байланыштырган жол суу алдында калган. Ошол жылдан бери айыл жашоочулары Нарын суусунан кайык менен өтүшөт. Андан ары карай дагы 5 чакырым жол жүрүп, айылга жеткенге чейин 22 кечүүдөн, 6-7 көпүрөдөн өтүшөт. Суу көп кирген маалда каттам кыйындайт.

Аталган айыл Кургокту жана Кызыл-Бейит болуп бөлүнүп, 70 түтүндө 400гө жакын жашоочу бар. Бул айылда бала бакча, мектеп, ФАП сыяктуу социалдык объекттер, электр энергиясы да жок. Базарга баруу үчүн негизинен Таш-Көмүр шаары менен Кара-Көл шаарынын ортосунан Ош—Бишкек жолуна чыгышат.

Айылда негизинен эчки кармалат. Себеби, айыл эчки багууга ылайыкташкан. Эл мал-жандыктарын да кайык менен алып өтүүгө аргасыз. Көпчүлүк ат менен бодо малды сууга сүздүрүп алып өтсө, кой, эчкилерди кайыкка жүктөшөт.

Айылда электр энергиясы жоктугуна байланыштуу айрымдар күндөн энергия алуучу каражатты пайдаланышса, көпчүлүк чырак жагат.

 

Тема боюнча:

02.06.2015Айыл турмушу: Электр энергиясы жок Аксынын Кызыл-Бейит айылынын жашоочулары унаа каттамдын ордуна кайыкты колдонушат (фото, видео)
24.06.2015Жол жоктугунан коңшу айылдарга кайык менен каттаган Аксынын Кызыл-Бейит айылы ГЭСтин жанында болсо да, электр энергиясы, ФАП жана мектеби жок (фото)
29.06.2015Айыл турмушу: Аксынын Кызыл-Бейит айылынын жашоочулары мал жандыктары үчүн тоюттарды кеме менен Нарын дарыясынан алып өтүшөт (фото)
07.07.2015Айыл турмушу: Аксынын Кызыл-Бейит айылынын тургуну күнүнө 50 баш эчки саап, 20 литрден сүт алат (фото)
20.06.2017Аксынын унаа барбаган Кызыл-Бейит айылынын жашоочулары медициналык кароодон өттү (фото)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1316
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу