При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Фото - Аксыдагы мөндүрдөн эгин талаалар, үйлөр жабыркап, катуу шамал чатырларды учурду

Turmush -  Кечээ, 12-июлда саат 18:30 чамасында Аксы районундагы Кызыл-Туу айыл аймагында мөндүр аралаш жаан жаап, колоттордон аккан сел суулары Жыл-Булак тилкесиндеги 13 турак жайдын короолорун каптап, Кара-Ой тилкесиндеги сел өткөрүүчү сай кум-шагылдарга толду, деп маалымдайт ӨКМ.

Жергиликтүүлөр мөндүрдөн эгин талаалар дагы зыянга учураганын билдирди.

Кербен—Сары-Челек унаа жолунун 4 жеринен таш аралаш шагылдар түшүп, каттамдарга кыйынчылык жаралган. Авлетим айыл аймагынын Тегирмен-Сай айылындагы Бузурман-Сай сайынан келген сел суулары 14 турак жайдын короосун, жер төлөөсүн каптаган. 2 даана электр мамысы кулап, айыл тургундары электр жарыксыз калды. Ошондой эле, катуу шамал Кара-Суу айыл аймагынын Топ-Жаңгак айылындагы турак жайлардын чатырларын учуруп, жаңгак бактарын жыккан. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Авлетим, Кызыл-Туу жана Кара-Суу айыл аймактарында Аксы райондук жана айыл аймактык жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан жеринде тактоо иштери жүрүп жатат. Ошондой эле, ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы баштаган ыкчам топ жөнөп кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 490
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу