Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Жалал-Абад

Аксыдагы мамлекеттик кызматкерлердин балдары Сары-Челекте эс алууда

Turmush -  Аксы районундагы "Сары-Челек" эс алуу борборуна 110 бала эс алуу үчүн жөнөп кетти. Бул тууралуу райондук администрациянын социалдык секторунан билдиришти.

Маалыматка караганда, алар райондогу мамлекеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин, айыл чарба, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармактарында иштеген кызматкерлердин балдары. Балдардын эс алуусуна профсоюздардын райондук комитеттеринен жолдомолор берилген. 10 күндүк эс алууда жеткинчектер менен өспүрүмдөр Сары-Челек көлүндө эс алып, кооз жерлерди да көрүшөт.

Биринчи топ менен бул лагерде 100 бала эс алып кайткан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1799
Көп окулду
×