Бөлүмдөр
Шаршемби, 27-сентябрь
68.43    81.46    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Кызыл-Жар айылынан өткөн Нарын дарыясындагы суунун көбөйүшү тургундарды кооптондурууда (фото, видео)

Turmush -  Аксы районунун Кызыл-Жар айылынан өткөн Нарын дарыясында акыркы аптадан бери суунун көлөмү көп болууда, деп билдиришти жергиликтүү тургундар.

Айыл тургуну З.Сагымбаеванын айтымында, дарыядагы суунун көптүгү элеттиктерди кооптондурууда.

«Бул мезгилде дарыянын суусу азайып, жылуу болуп, балдар сууга түшүп калчу. Акыркы бир аптадан бери суу көп келип, Жээк көчөсүнө чейин чыкты. Кошунабыздын турак жайына 10 метрдей эле калды. Суу көп келип жаткандыктан жаш балдардан кооптонуп жатабыз. Суунун көп келүүсүнөн Достук тилкесиндеги дыйкандардын шалы аянттары да зыян тартты. Айрымдар Үч-Коргон ГЭСиндеги оңдоо иштерине байланыштуу суу көп болууда деп жатышат», - дейт ал.

Ал эми, «Курулуп жаткан ГЭСтер» ишканасы элеттиктердин Үч-Коргон ГЭСинин оңдоо иштерине байланыштуу деген жашоочулардын пикирин четке кагууда.

Ишкананын маалыматына караганда, суунун көбөйүшү оңдоо иштерине эч кандай тиешеси жок, болгону жылдагыдан быйыл суу көп келди. Бүгүндөн тарта суунун деңгээли азая баштаганын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1309
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу