Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Аксыда 3 ирет шайланбай калган Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо белгиленди

Turmush -  Аксы районунун Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысын кайрадан шайлоо 20-июлга белгиленди.

Айылдык кеңештин төрагасы Кеңешбек Шакыевдин билдиришинче, айыл өкмөттүн башчылыгына Таалай Айткуловдун гана талапкерлиги көрсөтүлүүдө.

Буга чейин Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого депутаттар 3 ирет келбей коюп, кворум болбой калган. Учурда айыл өкмөттүн бюджети бекитилбей, иштер аткарылбай турганын айылдык кеңештин депутаттары эскертип келүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 600
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×