Бөлүмдөр
Шаршемби, 27-сентябрь
68.43    81.46    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Видео, фото - Россияда бир бөтөлкө суу үчүн 18 жаштагы аксылык жигитти өлтүргөн шектүү кармалды

Turmush -  Россиянын Владивосток шаарынын полициясы ири дүкөндө күзөтчү болуп иштеген кыргызстандык жаранды өлтүрүүгө шектүү адамды кармады, деп жазат россиялык ММКлар.

Полициянын кызматкерлери Светланский көчөсүндө жайгашкан «Престиж» дүкөнүнүн күзөтчүсүн өлтүрүү кылмышынын бетин изи сууй электе ачышты. Аталган фактыга шектүү делген 52 жаштагы адамды башка аймакка кетүү үчүн даярданып жатканда кармашкан.

Владивосток шаарында кыргызстандык 18 жаштагы жигит жекшемби күнү кечинде каза болгон. Шектүү адам дүкөндөн алган бир бөтөлкө суунун акысын төлөбөй чыгып кетип баратканын күзөтчү байкап калган. Аркасынан чыккан күзөтчүнү ал бычак менен сайып салган.

Жабырлануучу жүрөк туштан жаракат алып, 20 метрдей чуркап барып, эсин жоготуп кулаган. Ал ошол жерде каза болгон. Аталган факт боюнча кылмыш иш козголуп, тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Буга чейин Россиянын Владивосток шаарындагы ири соода түйүндөрдүн биринде күзөтчү болуп эмгектенип жаткан кыргызстандык 18 жаштагы А.Самат жумуш учурунда каза болгондугу маалымдалган.

Анын айылдаштарынын айтымында, окуя 16-июлда кечинде болгон. А.Самат Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар айылында туулган. Былтыр мектепти аяктап, жогорку окуу жайдан билим алуу максатында жалпы республикалык тестирлөөгө дагы катышкан. Бирок, жетиштүү упай албаганына байланыштуу Россияга иштегени кеткен. Ал үй-бүлөдө беш бир туугандын улуусу болчу. Жумуштан кийин спорт залга да барып, кикбоксинг боюнча мелдештерге катышып турган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2261
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу