Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Жалал-Абад

«Мекендештер»: Түркияда окуган аксылык Э.Мадишов Испанияга жумушка деп барып, жолдон кызыктуу окуяга туш болду (фото)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кош-Дөбө айылынын 23 жаштагы тургуну Эралы Мадишов.

Ал учурда «Эразмус» программасы менен Испаниянын Барселона шаарында эмгектенип жатат. Эралы буга чейин Кыргызстандагы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде окуп жүрүп, Түркиянын Кастамону шаарындагы Кастамону университетине сынак аркылуу кабыл алынган.

«Кош-Дөбө айылындагы Темиркул Мавлянов атындагы №11 орто мектебин 2012-жылы аяктап, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин туризм тармагына өттүм. 11-классты бүтүп жатканда кайсы кесипти тандасам деген ой ар бир эле бүтүрүүчүнүн уйкусун алат эмеспи. Мен дагы ушундай абалда жүргөндө бул тармакты тандашыма чоң абам Усубалы Амиркулов түрткү болгон.

Аталган окуу жайда окуп жатканда өзүмдүн кесибим менен Түркиянын Кастамону шаарындагы Кастамону университетинин сынагына катышып, аны ийгиликтүү тапшырып, ал жерден 3-курсту улантмай болдум. Бирок, менин туризм жана мейманкана башкаруу боюнча дипломум бар болчу. Анын үстүнө өзүм тилди жакшы көргөндүктөн гид болууну чечтим. Тилекке каршы мурунку алган сабактарыбыздын кээ бири мен тандаган адистикке дал келбей, 2-курсту кайра окууну чечтим», - деди ал.

Мекендешибиз Кастамону университетинде окуп жүрүп, студенттерге арналган «Мевлана», «Эразмус», «Аль-Фараби» программалары менен таанышат.

«Студенттер бул программалар аркылуу башка университеттерге барып окуп, тажрыйба алмаша алышат. Мисалы, "Мевлана" түрк тилдүү мамлекеттер ортосундагы программа болсо, "Эразмус" Европа өлкөлөрү менен Түркиянын ортосундагы программа, ал эми "Аль-Фараби" Түркиянын ичиндеги жогорку окуу жайлардын ортосундагы программа. Мен 3-курста "Аль-Фараби" программасы менен Анталия шаарындагы Акдеңиз университетинде окуп келдим. Ал эми, "Еразмус" программасы жумушта иштегенге да мүмкүнчүлүк берет. Досум Нооруз Раиди уулу экөөбүз Испаниянын Лас-Пальмас аралындагы мейманканадан жумуш таап, аны программага сунуштадык. Ошентип, экөөбүз аталган аралга барууга укук алдык. Бирок, Стамбулдан бул жакка түз учак кымбат болгондуктан арзан деп Мадридге учуп, андан ары Лам-Пальмаска бармай болдук. Ошентип, Мадридге аман-эсен конуп, андан ары кандай жетсек болот деп агенттикке кайрылсак, алар биздин эрте келгенибизге чочуп, биз иштей турган мейманкана азыр кабыл алууга даяр эмес экенин айтышты. Шашып жолго чыкканыбызга өзүбүз күнөөлүү элек. Эмне кыларыбызды билбей турсак, агенттиктен телефон чалышып, бизди башка мейманканага которсок кандай дейсиңер деп калышты. Мен ойлонбой туруп Барселонадан болсо макул дедим. Бирок, алар дароо жооп бербестен күтө тургула деп телефонду коюп коюшту. Алардын жообун кечке күтүп отурдук. Кызыктуу окуя дал ушул жерден башталды. Биз ал жерге жума күнү учканбыз, ишемби жана жекшемби күндөрү эч бир ишкана иштебейт. Эгер башка мейманкана табылбай калса, 3 күн аэропорттогу терминалдын ичинде калабызбы деген ой бизди тынчсыздандырып кирди. Дал ошол маалда "Терминал" аттуу кинону эстедим. Акыры агенттиктен чалып, Барселонанын Розес районундагы мейманкана күтүп турганын кабарлашты», - деди ал.

Эралы Испаниядагы келишими аяктаган соң, 4-курста ошол эле «Еразмус» программасы менен Польша мамлекетине барууну көздөп турат.

«Негизи көп максаттар бар. Эң негизи алган билимимди жана топтогон тажрыйбамды өлкөмдүн керегине жумшасам деген тилегим бар», - деди ал.

Мекендешибиз үй-бүлөдө 5 бир туугандын экинчиси. Үч карындашы жана бир агасы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4529
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×