Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Жалал-Абад

Сары-Челек коругунун аймагында 200дөн ашык турак жай мыйзамсыз курулган

Turmush -  Сары-Челек коругунун аймагына курулган турак жайлардын документи жок. Бул тууралуу Кызыл-Туу айылдык кеңешинин төрагасы Бакыт Мамыралы уулу билдирди. Анын айтымында, коруктун аймагына үй салгандар көбөйүүдө.

«Сары-Челек коругунун аймагындагы жерге мыйзамсыз үй салгандар көбөйүп жатат. Учурда 200дөн ашуун үйдүн кызыл китеби жок. Айрым үйлөрдүн мыйзамсыз курулганы сотко чейин жеткен», - деди Бакыт Мамыралы уулу.

Ал эми, Сары-Челек биосфералык коругунун директору Эсеналы Ормоналиев үйлөр корук уюшулганга чейин курулганын белгиледи.

«Учурда 240ка жакын турак жайдын кызыл китеби жок. Көпчүлүгү корук уюшулганга чейин салынган. Мыйзамсыз үй салган 4 адамдын иши сотко жеткен. Бул маселелер азыр каралып жатат. Коруктун аймагына салынган үйлөрдү трансформациялоо маселеси бир нече жолу каралып, бирок чечилбей келе жатат», - дейт Э.Ормоналиев.

Сары-Челек коругунун аймагында Аркыт айылы жайгашкан. Айылда 200дөн ашуун түтүн эл жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 837
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×