Бөлүмдөр
Шаршемби, 27-сентябрь
68.43    81.46    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Аксы районунда 5 гектар жаңгак токой талашка түштү

Turmush -  Аксы районунда 5 гектар жаңгак токой талашка түштү.

Байгашка-Терек айылынын тургундарынын айтымында, эл терип келген жаңгакты жеке ишкер ээлеп алганына айыл тургундарынын нааразычылыгын жаратууда.

Ал эми Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Нурмырза Абдыраманов бул маселе азырынча чечиле элек.

«Байгашка-Терек айылындагы Оут-Сай участкасындагы 5 гектар жаңгакты жеке ишкер 5 жылга ижарага алган экен. Бирок, ага тургундар нааразы болууда. Учурда эл менен жеке ишкер жерди талашып жатышат. Бул маселе боюнча эки тарап жолугушуп, сүйлөшүү аракетин көрүүдө», - деди ал.

Аксы районунда жаңгак токойлорду талашуу жыл сайын орун алат. Өткөн жылы Сары-Челек коругунун аймагындагы жаңгакты Аркыт айылынын эли менен Кызыл-Туу айылынын эли талашып, чыр чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 827
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу