Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Видео - Аксыдагы азык-түлүк сатылган дүкөндөрдү сел каптады

Turmush -  Аксы районунун Малкалды айылында кечээ, 3-августта саат 16:30 чамасында катуу жааган жаандан улам сел жүрдү.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, сел жолду дагы каптап, унаалардын жүрүшүнө тоскоолдуктар жаралды.

ӨКМдин Аксы райондук бөлүмүнүн башчысы Эрмек Тойчубеков кабарчыга билдиргендей, сел 3 дүкөндүн ичине кирген.

«Сел суусу азык-түлүк сатылган 3 дүкөндү каптады. Бактыга жараша олуттуу зыянга учураган эмес. Селдин кесепеттери жергиликтүү бийликтин жардамы менен жоюлду», - деди ал.

Учурда тазалоо иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1370
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×