Бөлүмдөр
Шаршемби, 27-сентябрь
68.43    81.46    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Тогуз жылдан бери талашка түшкөн Падыша-Ата коругундагы жер боюнча райондук сот чечим чыгарды

Turmush -  Аксы районунун Кашка-Суу айылында жайгашкан Падыша-Ата коругундагы талашка түшкөн 4 гектар жер маселеси боюнча райондук сот чечим чыгарды. Бул тууралуу Падыша-Ата коругунун директору Абдыразак Назарбеков билдирди.

Анын айтымында, Аксы райондук соту талаш жараткан коруктун аймагындагы жерди ишкерге берген.

«Падыша-Ата коругундагы талаш боюнча 1-августта райондук сот ишти карады. Жыйынтыгында талаштуу жерди жеке ишкер Эркин Бегимкуловдун пайдасына чечти. Биз соттун чечимин азырынча ала элекпиз. Чечимди алсак, облустук сотко кайрылышыбыз мүмкүн», - деди ал.

Падыша-Ата коругундагы 4 гектар аянтты жеке ишкер Э.Бегимкулов менен корук жетекчилиги талашып, соттошуп келет.

Буга чейин маалымдалгандай, коруктагы 4 гектар жер 9 жылдан бери талашка түшүп келген.

Жеке ишкер корукту көп жылдык мөөнөткө ижарага алдым десе, айыл өкмөт жетекчилиги келишим мурдагы Авлетим токой чарбасы менен түзүлүп калганын айтып келет. Жергиликтүү тургундар мазар талашка түшкөндөн бери оңдоп-түзөө, жашылдандыруу иши солгундаганын айтып келишет.

Кашка-Суу айылдык кеңешинин депутаты Эралы Шатманов коруктун өнүгүшүнө талаш тоскоолдук жаратып, соттор ишти создуктуруп жатканын белгиледи.

«Падыша-Ата коругу 9 жылдан бери Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн эли менен жеке ишкердин талашында турат. 4 гектар жерди жеке ишкер Эркин Бегимкулов 99 жылдык мөөнөткө ижарага келишим түзгөнүн айтып келүүдө. Бирок, Падыша-Ата коругу өз алдынча бөлүнүп чыккандан кийин жаңы келишим түзүлгөн эмес. Ишкер келишимди Авлетим токой чарбасынын карамагында турганда түзгөн. 2013-жылы корук өз алдынча бөлүнгөндө өкмөттүн буйругу чыккан. Анда корук аймагына курулуш курууга тыюу салынып, мурдагы келишимдерди жокко чыгаруу каралган. Ошого карабастан ишкер жаңы келишим түзбөстөн эл менен соттошуп келет. Соттошуулар созулган сайын коруктун аймагын көрктөндүрүүгө жана өнүктүрүүгө тоскоолдуктар жаралып келүүдө. 10 миңдей адамдын эмес, жеке адамдын кызыкчылыгы корголуп жатат», - деген ал.

Падыша-Ата мамлекеттик коругу мурда Авлетим токой чарбасынын карамагында токой макамында турса, кийин 2013-жылы өз алдынча мамлекеттик корук болуп бөлүнүп чыккан. Учурда корук 30 миң гектардан ашык аянтты камтыйт.

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Улук Керимкулов соттук иштерден тажаганын белгиледи. Сот отурумдары айыл өкмөттүн жетекчилигин жүдөткөнүн, жеке ишкер 10 миңдей тургундун пикирин эске албай жатканын айтат.

«Чынын айтканда 9 жылдан бери соттук иштерден тажадык. Сот деп жүрүп иштен калып жатабыз. Ай сайын сотко барууга туура келүүдө. 10 миң адамдын оюн жеке ишкер эсепке албай, өзүнүн кызыкчылыгын коргоп келет. Кайрылбаган жерибиз калган жок. Көп жерлерге кайрылганыбыз менен жыйынтык чыкпай келүүдө. Ишкер мени айылдык кеңештин депутаттарын жана коруктун өзүн сотко берип жатат. Мени менен ишкердин соту Жогорку сотко жетсе, корук боюнча сот Аксы райондук сотунда каралууда. Эл азыркы учурда сотторго жана жогорку бийлик өкүлдөрү бул ишти аягына чыгарбаганына нааразы болуп турат», - деди У.Керимкулов.

Жеке ишкер менен элдин талашында турган жер 4 гектарды түзсө, анын 2 гектары Падыша-Ата мазары, 2 гектар аянты эс алуучу жай болуп эсептелет. Коруктун айланасындагы талаш боюнча Аксы, Ала-Бука жана Жалал-Абад райондор алык соту бир нече жолу карап чыккан.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 434
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу