Бөлүмдөр
Шаршемби, 27-сентябрь
68.43    81.46    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Аксыдагы Кызыл-Капчыгай айылынын эли ФАПтын жетекчисинен иштен кетүүнү талап кылууда

Turmush -  Аксы районунун Кызыл-Капчыгай айылынын тургунудары айылдагы ФАПтын жетекчисинен иштен кетүүнү талап кылууда. Тургундар ФАПты жетектеген жаш келиндин дарылоо ыкмасына нааразы болуп, мурдагы жетекчини кайрадан ордуна алып келүү талабын коюп жатат.

Бул маалыматты Жерге-Тал айылдык кеңешинин төрагасы Кеңешбек Шакыев тастыктады. Эл менен жолугушууга айыл өкмөттөн жана айылдык кеңештен түзүлгөн комиссия барган.

«ФАПтын жетекчисине болгон нааразычылык күч болсо, элдин талабын карап чыгабыз. Айыл эли ФАПтын жетекчиси ишин жакшы билбейт деген жүйөө менен анын иштен кетишин талап кылууда», - деди ал.

Айылдагы ФАП 400дөй үй-бүлөгө кызмат көрсөтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 669
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу