Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Аксыда 2-топтогу майып жубайлар колдоо күтүшөт (фото)

Turmush -  Аксы районунун Кербен шаарында жашаган жубайлар Жалилов Анарбек менен Болотбек кызы Салима экинчи топтогу майып жаран катары каттоодо турушат. Жубайлардын айтымында, алардын бүлө күтүп, түтүн булатканына 2 жылдын жүзү болуп калды. Алар Анарбектин бир тууган байкесинин колунда турушат.

«Бизди байкем балдарына кошуп багып жатат. Жубайым жакшы баса албаса да үй жумуштарына жардам бергенге аракет кылат. Мен жеңил жумуштарды жасайм. Байкемдин таап келгенине көз каранды болуп отурабыз. Биз да эл катары үй куруп, балалуу болсок деп тилейбиз. Бирок бизди майыптык кармап турат. Оор жумуш жасай албаганыбыздан колдон келген жумушту жасоого аракет кылабыз. Келинчегим экөөбүз биригип 5 миң сом жөлөк пул алабыз. Өз алдыбызча үй-жайлуу, балалуу болууну кыялданып жашап жатабыз. Колдоо болсо жакшы болот эле», - дейт Анарбек.

Ал төрт бир туугандын кичүүсү. Жыл сайын дарыланып турат. Анын дарылануусуна шаардык мэрия жыл сайын каражат бөлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 959
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×