Бөлүмдөр
Шаршемби, 27-сентябрь
68.43    81.46    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Аксынын Кызыл-Капчыгай айылындагы ФАПтын жетекчиси тургундардын айыптоолорун четке какты

Turmush -  Аксы районунун Кызыл-Капчыгай айылындагы ФАПтын жетекчилиги тургундардын айыптоолору чындыкка дал келбей турганын айтууда. ФАПтын жетекчиси Назгүл Сейталиеванын айтымында, кызматкерлер тарабынан эч кандай ката кеткен эмес.

«Тургундардын айткандары чындыкка дал келбейт. Учурда биз ишибизди так аткарып жатабыз. Тиешелүү ведомстволор текшерүү жүргүзсө болот. ФАПтын кызматкерлери тарабынан эч кандай катачылыктар кеткен эмес», - деди ал.

Буга чейин маалымдалгандай, Кызыл-Капчыгай айылынын тургундары айыл өкмөт жетекчилиги менен жолугушууда ФАПтын кызматкерлери жакшы иштебей жатканын айтып, жетекчилигинен иштен кетүүнү талап кылышкан.

Өз кезегинде айыл өкмөт жетекчилиги Аксы райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна билдирүү берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 625
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу