Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Сары-Челек коругунда тыюу салынганына карабай чөп чапкандар көбөйдү, - айылдык депутат

Turmush -  Сары-Челек коругунан чөп чабууга тыюу салынганына карабастан чөп чапкандар көбөйдү. Бул тууралуу Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаты Эргазы Султанкулов билдирди.

Анын айтымында, депутаттык комиссия текшерүү жүргүзүп, 200 гектардан ашык аянтта чөп чабылып жатканын аныктаган.

«Сары-Челек биосфералык коругунун аймагынан чөп чабууга тыюу салынган. Себеби ал жерде биотүрдүүлүк сакталышы керек. Тыюу салынганына карабастан учурда 200 гектардан ашуун аянтта чөп чабылып жатат. Айылдык кеңештен түзүлгөн депутаттык топ текшерүүгө алган учурда Аркыт айылынын тургундары чөп чаап жатканын аныкташкан. Азыр түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, чөп чабууга тыюу салынууда», - деди Э.Султанкулов.

Буга чейин Сары-Челек коругунда балык кармап саткандар аныкталып, коруктун аймагында чөп чабууга, балык кармоого жана мал жаюуга тыюу салынган. Мындан сырткары, көлгө түшүүгө жана катердин жүрүүсүнө да тыюу салынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 878
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×