Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Аксыдагы катуу шамал үйлөрдүн чатырларын учуруп кетти

Turmush -  Аксы районундагы катуу шамал турак үйлөрдүн, социалдык имараттардын чатырларын учуруп кетти. ӨКМ билдирген маалымат боюнча, 16-августта саат 22:30 чамасында Кош-Дөбө айыл аймагында ылдамдыгы болжол менен секундасына 18-23 метрге жеткен катуу шамал катталган. Адамдар жабыркаган жок. 

Шамалдын кесепетинен Атана айылындагы Т.Мавлянов атындагы №11 орто мектептин кампасынын чатырынан 30 шифер, спорт зал менен башкы имараттын чатырынан 26 шифер жараксыз абалга келген. Андан сырткары 4 терезе сынып, 4 электр мамычасы кулап, 600 метр электр чубалгылары үзүлдү. Атана айылында электр энергия убактылуу үзгүлтүккө учураган.

Ошондой эле, Атана айылынын Бай-Кыштак аймагындагы 5 турак үйдүн чатырынан 49 шифер, 2 мал сарайдын чатырынан 15 шифер, 1 ашкананын чатыры жараксыз абалга келген. 

Кечээ, 17-август күнү райондук жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан жеринде тактоо иштери жүргүзүлгөн. Райондук электр тармактар ишканасы тарабынан Атана айылында электр энергиясын калыбына келтирүү иштери аткарылып, айылга электр энергиясы берилди. Учурда шамалдын чыгымын тактоо иштери улантылып жатат. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 797
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×