Бөлүмдөр
Шаршемби, 27-сентябрь
68.43    81.46    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Сары-Челек коругу ЮНЕСКОнун тизмесинен чыгып калуу коркунучунда турат, - айылдык депутат

Turmush -  Сары-Челек коругу учурда мыйзам бузуулар менен иштеп жатат. Бул тууралуу «Сары-Челек келечеги» уюмунун өкүлдөрү билдиришти.

Сары-Челек коругу ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине киргизилген. Бул уюмдун өкүлдөрү министрликке кетирилген катачылыктарды жоюуну, эгер каталар жоюлбаса тизмеден чыгарылышы мүмкүн экенин айтып эскертишкен.

«Сары-Челек келечеги» уюмунун мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты Сатар Жакыбалиевдин айтымында, ЮНЕСКО Сары-Челек коругун тизмеден чыгарып салышы мүмкүн.

«Сары-Челек коругу ЮНЕСКОнун тизмесинде турган баалуу корук болуп эсептелет. Бул коруктун аймагында мыйзамсыз иштер көп экенин ЮНЕСКОнун адамдары келип көрүп, Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигине кайрылуу жолдогон. Анда коруктун аймагында мыйзамсыз иштерди токтотуу, көлдө катерди жүргүзбөө сунушу жазылган. Эгер алар айткан талаптар аткарылбаса, Сары-Челек көлү тизмеден чыгарылышы мүмкүндүгү эскертилген», - деди ал.

«Сары-Челек келечеги» уюму каттоодон өткөндөн кийин коруктун жетекчилиги менен бирге атайын рейддерди өткөрүшкөн. Алар мыйзамсыз балык кармагандарды 3 ирет колго түшүрүп, бирок алар жазаланбай калганын белгилешет.

Уюмдун дагы бир мүчөсү Тилек Жоромырза уулу мыйзамга каршы келген иштер көп экенин белгиледи.

«Биз атайын айылдан түзүлгөн ыктыярчылар коруктун аймагында жардам берүүнү колго алганбыз. Атайын жолдорду оңдоп, кызматкерлерге кыйынчылык жараткан иштерди дагы чогуу жасоого жардам берип келдик. Кийин атайын рейд дагы өткөрдүк. Анда 3 ирет балык кармагандарды колго түшүргөнбүз. Ошого карабай корук жетекчилиги биздин ишибизге көз жумуп койду. Ар бир балык үчүн 1000 сомдон ашык айып пул салынышы керек болчу. Себеби, Сары-Челек коругунун балыгын кармоого уруксат берилбей, мораторий киргизилген. Мындан сырткары, таштанды дагы көбөйүп, ал жерге баргандарга ыңгайсыздык жаратып, айлана-чөйрөнү дагы булгап турат. Учурда тыюу салынган иштер жасалып, көлгө чоң коркунуч жаратууда», - дейт Т.Жоромырза уулу.

Сары-Челек коругу 1959-жылы түзүлгөндөн тартып биотүрдүүлүктү жоготпоо максатында көлгө киргендерге катуу талаптар коюлган. Бирок талаптардын көбү азыркы учурда кагаз жүзүндө гана калып, мыйзам бузуу менен корук корголбой жатканын айылдык депутаттар байма бай эскертишүүдө. Коруктун аймагында жайгашкан Аркыт айылынын тургундарынын саны 250 кожолуктан ашты. Ал айыл алгач түптөлгөндө 20га чукул түтүн үй-бүлө жашап, 1 уй жана 5 эчки гана кармоого уруксат берилген. Бирок учурда 250дөн ашкан үй-бүлөнүн кара малы 1000ден ашып, кой эчкиси 800дөн ашкан. Малдардын токойго зыяны көп экени дагы айтылууда.

Ал эми Сары-Челек коругунун жетекчиси Эсеналы Ормоналиев ЮНЕСКОдон эскертүү келбегенин, ал эскертүү министрликтен гана келгенин билдирди.

«ЮНЕСКОдон талаптар коюлган эскертүү келген эмес. Бизге келген кагаз өзүбүздүн министрликтен келген. «Сары-Челек келечеги» уюмунун мүчөлөрү айтып жаткан балыктар боюнча 7 протокол түзүлүп, жалпы 47 миң сомдон ашык доо коюлган. Алар азыр өндөрүлүп жатат. Көлдү коргоо уюму жакшы түзүлгөн. Бирок алардын максаты башка кызыкчылыктарды көздөп, кызмат талашуу болуп жатат. Мындан сырткары, коруктун аймагынан чөп чапкандар илгертеден болуп келген. Аны токтотуу мүмкүн эмес. Азыркы учурда коруктун аймагында жашаган Аркыт айылынын тургундарынын малдары көбөйүп кеткен. Кара малдын саны 1000ден ашса, майда жандыктар 800дөн ашат», - дейт ал.

Сары-Челек коругунун аймагындагы мыйзамсыз иштер буга чейин дагы айтылып келген. Коруктун аймагында балык кармап бышырып саткандар да кармалган болчу. Сары-Челек көлүнүн айланасында майда 7 көл бар. Коруктун жалпы аянты 23 миң 832 гектар аянтты түзөт. Көлдө катердин жүрүүсүнө, адамдардын сууга түшүүсүнө тыюу салынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 413
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу