Бөлүмдөр
Шаршемби, 27-сентябрь
68.43    81.46    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Аксыда жайлоого кожогат тергени барып, аскадан кулаган окуучунун абалы туруктуу

Turmush -  Аксы районунда жайлоого кожогат тергени барып, аскадан кулаган окуучунун абалы туруктуу. Бул тууралуу Аксы аймактык ооруканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуучунун мээси чайкалып, башынан жаракат алган.

«Учурда окуучунун абалы туруктуу. Ал өз алдынча сүйлөп, баса баштады. Медициналык жардам көрсөтүлүүдө», - деп билдиришти ооруканадан.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жабыр тарткан окуучу — Айзирек Калыбекова 2005-жылы Кара-Суу айыл округунун Чалдыбар айылында туулган.

«Анын баш мээси чайкалып, төбө сөөгүнөн жаракат алган. Бети жана мойну тытылган. Учурда ал тиешелүү дары-дармектер менен камсыздалып, дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Абалы туруктуу», - деп билдиришти министрликтен.

Буга чейин маалымдалгандай, Аксы районунда жайлоодон кожогат терип келе жаткан 3 аял аскадан кулап каза болуп, 1 окуучу жабыркаган. Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя 20-августта саат 21:30 чамасында болгон.

«Аксы районуна караштуу Авлетим айыл аймагынын Ой-Алма жайлоосунан кожогат терип келе жаткан үч аял кокустан аскадан кулап, окуя болгон жерде каза болушкан. Алар Кара-Суу айыл аймагынын Чалдывар айылынын тургундары – 1958-жылы туулган Н.Г, 1967-жылы туулган К.Ж, 1958-жылы туулган. Ө.Г. Алар менен чогуу келе жаткан №15 Б.Миӊбаев атындагы орто мектептин 6-классынын окуучусу денесинен жаракат алып, аймактык ооруканага түшкөн», - деп айтылган маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 667
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу