Бөлүмдөр
Шаршемби, 27-сентябрь
68.43    81.46    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Аксыда аскадан кулап каза болгон 3 аялды куткарууга аракет кылган күбө окуя тууралуу айтып берди

Turmush -  Аксы районунун Авлетим айыл аймагынын Ой-Алма жайлоосунан кожогат терип келе жатканда аскадан кулап каза болгон 3 аял тоодон түшкүчө караңгы кирип кеткен. Бул тууралуу окуяга күбө болгон тургун Нуржайна Нарбаева билдирди.

Анын айтымында, аскадан кулаган аялдардын бирин жана окуучу кызды ооруканага алып барышкан.

«20-августта кечки саат 10 чамасында чатырдын айланасында кыздын үнү угулгансыды. Барыбыз шашылыш түрдө үн чыккан жерге барсак, кыз бети-башы сыйрылып, жардам сурап, апасын издеп, ыйлап жатыптыр. 2 аял тоголонуп жаткан экен. Алар аскадан кулаганда эле каза болуптур. Бирөөсү оор абалда экен, кыз экөөнү ооруканага алып жөнөдүк. Бирок үчүнчү аял ооруканага жетпей, жайлоодо эле үзүлүп калды. Аларды алгач Авлетим ооруканасына алып бардык, андан ары окуучу кызды райондук ооруканага алып жөнөштү. Биздин угушубузга караганда чабандардын бири «калып калгыла, түшө албай каласыңар» дегенине болбой, алар жөнөшкөн экен. Түн кирип калгандыктан алар аскадан кулап кетишиптир. Тургундар алар 60 метр бийиктиктен кулаганын айтып жатышат», - деди Н.Нарбаева.

Айрым маалыматтарга караганда, кожогат терүүгө чыккан үч аял бул айылга мейманга барышкан.

Авлетим токой чарбасында 5 миң гектарга жакын жерде кожогат өсөт. Бул өсүмдүктү негизинен айыл аймактын жашоочулары теришет.

Буга чейин Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Аксы районунда жайлоодон кожогат терип келе жаткан 3 аял аскадан кулап каза болуп, 1 окуучу жабыркаган.

«Аксы районуна караштуу Авлетим айыл аймагынын Ой-Алма жайлоосунан кожогат терип келе жаткан 3 аял кокустан аскадан кулап, окуя болгон жерде каза болушкан. Алар Кара-Суу айыл аймагынын Чалдывар айылынын тургундары – 1958-жылы туулган Н.Г, 1967-жылы туулган К.Ж, 1958-жылы туулган. Ө.Г. Алар менен чогуу келе жаткан №15 Б.Миӊбаев атындагы орто мектептин 6-классынын окуучусу денесинен жаракат алып, аймактык ооруканага түшкөн», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1187
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу