Бөлүмдөр
Шаршемби, 27-сентябрь
68.43    81.46    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Айыл турмушу: Аксылык чебер М.Наркулова кыз-келиндерге тигүүнү үйрөтүп, ишкерлик кылууда (фото)

Turmush -  Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар айылынын 53 жаштагы тургуну, 4 баланын энеси Майрам Наркулова 18 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Чебер менен аймактык кабарчы таанышты.

Учурда ал айылдагы кыздардын себин, бешиктин жана боз үйдүн жасалгаларын, ошондой эле унутта калып бара жаткан курактын бир нече түрлөрүн тигет. Белгилүү чебер менен аймактык кабарчы таанышты.

«Кесибим боюнча сатуучумун. Өз кесибим боюнча он жыл иштеп, кийин турумшка чыктым. Турмушка чыккан соң да эки жылдай сатуучулук менен алектенип жүрдүм. Анан турмуш шартка байланштуу үйдө отуруп, бош убактымда тигүүчүлүк менен алектенип калдым. Алгач буюртмаларды албастан, жөн гана тиричикке керектелүүчү нерселерди тигип, бычып койчумун. Кийинчерээк кайненемдин колунан өзүнчө бөлүнгөн соң, айылдагы аялдардын көйнөктөрүн, төшөктөрдү, кыздардын септерин тигип баштадым. Учурда кардарлар жана буюртма бергендер да арбын болууда. Учурда боз үйдүн жасалгаларын жана унутта калып бара жаткан курактарды да тигип жатам», - дейт Майрам Наркулова.

Мындан сырткары, ага үч жыл мурун ар кандай долбоорлордун жардамы менен айылдагы маданият үйүнөн бир бөлмө ажыратылып берилип, бул жерде айылдагы кыз-келиндерди иш менен камсыздап жатканын айтат.

«Эң биринчи ЮСАИД уюмунун колдоосу менен айылдагы жумушсуз кыз-келиндерди үч жыл кол өнөрчүлүккө үйрөттүм. Бүгүнкү күндө алар өз үйлөрүндө чеберчилик менен алектенишүүдө. Андан соң, 2010-жылы «Азык-түлүк» программасынын негизинде айыл өкмөттөн сунуш түшүп, 15 келинди тигүүчүлүккө окуттум. Учурда алардын 10у өз алдынча буюртма алып, иштеп жатышат. Азыркы күндө ошол 10 келин менен бирге айылдык маданият үйүнүн ичинен бир бөлмөнү алып, ошол жерде иштеп жатабыз. Буюртма түшсө мен барып, аны бычып келем, алар өзүлөрү тигип алышат, түшкөн каражатты да тең бөлүп алышат. Негизи биздин кыздарга тигүүчү машина алынып берилген эмес.

Баары үйлөрүндө тигүүчү машинасы болсо гана алып келип тигишет. Акча топтоп, заманбап тигүүчү машина алалы десек, ага келиндердин шарты жок. Ошентсе да кардарларыбыз көп. Азыркы тапта тигүүчүлүккө кызыккан жаштардын саны аз. Мисалы: бир бешиктин жасалгасын башка жерде 1000 сомдон тигишсе, бизде эмгек акы үчүн 500 сом гана алабыз. Ал эми боз үйдүн чатырын канча канат экендигине карап, 2500 сомдон 3500 миң сомго чейин жасайбыз. Учурда той-аштар башталгандыгы үчүн бизде да иш күчөдү. Кечээ кыздар менен бирге жаңы келинге көшөгө тигип бүтүрдүк. Мындан сырткары, кыргыздын «супура салды», «күйөө куржун» деген салттары бар. Ошого да кыргыздын оймо-чиймелери түшүрүлгөн баштыктарды тигип, сатыкка койдум. Ушул тигүүчүлүк менен киреше таап жатам», - деди М.Наркулова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 974
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу