Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Жалал-Абад

Сары-Челекте катер менен сейилдөөгө тыюу салынды

Turmush -  Сары-Челек көлүндө катер менен сейилдөөгө тыюу салынды. Бул тууралуу Кызыл-Туу айылдык кеңешинин төрагасы Бакыт Мамыралы уулу билдирди.

Анын айтымында, буга чейин катер менен сейилдөө уюштурулуп келген.

«Сары-Челек көлүндө адамдарды катер менен мыйзамсыз ташып, андан пайда табууга тыюу салынды. Ал адамдар учурда ишин токтотуп, Ысык-Көлгө кетишти», - деди ал.

Буга чейин Сары-Челек көлүндө катерге адамдарды салып ташуу мыйзамсыз экенин айылдык депутаттар айтып чыгышкан. Катер менен сейилдөөгө 1 адамга 500 сом болсо, күнүнө 100дөн ашуун адам катер менен көлдү айланып чыгары айтылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 483
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×