Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Жалал-Абад

Аксынын тургундары паспорттук столдун өкүлүнөн иштен кетүүнү талап кылууда (видео)

Turmush -  Аксы районунун тургундары паспорттук столдун ишин татыктуу аткарбаган өкүлүнөн иштен кетүүнү талап кылууда. Бул тууралуу Кызыл-Жар айылынын тургуну Алмаз Жуматаев билдирди.

Анын айтымында, паспорттук столдун кызматкерлери жакшы иштебей жаткандыктан Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн тургундары паспорт ала албай жатышат.

«Үч-Коргон айыл өкмөтүндөгү паспорттук столдун өкүлү жакшы иштебейт. Анын иштешине нааразы болгон адамдар көбөйүүдө. Тургундар паспорт алууга күндө келип, документтерин тапшыра албай кетүүдө. Паспорттук столдун кызматкерлери күн сайын иш ордунда жок. Тургундар анын иштен кетүүсүн талап кылышууда», - деди А.Жуматаев.

Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башысы Нурбек Мураталиев да паспорт ала албай, айыл өкмөткө арыз менен кайрылгандар көбөйгөнүн билдирди.

«Айыл өкмөттө 22 миңден ашуун калк жашагандыктан паспорттук столдун өкүлчүлүгү ачылган. Элдин нааразычылыгы боюнча паспорттук столдун райондогу жетекчилигине кайрылганыбыз менен жыйынтык чыкпай жатат», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1894
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×