Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Жалал-Абад

Аксыда кароосуз калган Баба-Ата мазары оңдолду (фото)

Turmush -  Аксы районунда кароосуз калган Баба-Ата мазары оңдолду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына Итагар айылынын тургуну Нурболот Муратбеков билдирди.

Анын айтымында, Баба-Ата мазарынын айланасы тосмолонуп, каралбай калган жерлери тазаланды.

«Баба-Ата мазарынын айланасында бузулуп калган жерлер оңдолду. Мазар буга чейин каралбай калган эле. Жергиликтүү тургундардын демилгеси менен мазардын 20 чакырым жолу менен короолору оңдолду», - деди ал.

Белгилей кетсек, Баба-Ата мазары Итагар айылында жайгашкан. Ал 19-кылымдарга таандык экени айтылып келет. Аксы районунун аймагында 7 бир тууган аалымдардын бири Баба-Ата Итагар жайлоосуна коюлганы маалым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1063
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×