Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото - Аксыдагы мазарды оңдогону барган тургундар менен молдолор ортосунда мушташ чыкты

Turmush -  Бүгүн, 6-сентябрда Аксы районунун Итагар айылынын тургундары Баба-Ата мазарын тазалаганы барган жергиликтүүлөрдү ур-токмокко алган молдолорго нааразы болуп чогулушту. Бул тууралуу айыл тургуну Куттубек Мырзамамыт уулу билдирди.

Анын айтымында, мазарды тазалаганы барган жергиликтүү тургундар менен мазарды караган шайыктын ортосунда талаш чыккан.

«Баба-Ата мазарын тазалаганы баргандарды мазардын шайыгы ал жерге киргизбөөгө аракет кылган. Кийин тургандар ал жерди өз алдынча тосуп, мазардын каралбай калганын сынга алышкан. Мындан улам шайык өзүнүн тааныштарын чакырып, айыл тургундарын коркутууга алыптыр. Ага нааразы болгондор бүгүн чогулушту. Милиция кызматкерлери коркутуп жаткан молдолорду эл менен жолугуштурду. Бирок алар жергиликтүүлөрдү милиция кызматкерлеринин көзүнчө коркутууга алышты», - деди тургун.

Тургундардын айтымында, 4-август күнү Баба-Ата мазарын тазалаганы баргандар кечкисин үйлөрүнө кетип жаткан учурда аларды белгисиз адамдар тосуп алып, коркутууга алышкан. Ошондой эле, Бакыт аттуу жергиликтүү тургунду ур-токмокко алышып, мазарга барбагыла деген талап коюшкан. Бүгүн айылдын 100дөй тургуну нааразычылык акциясына чогулушту. Учурда бул факт боюнча милиция маалымат бере элек.

Буга чейин Аксы районунда кароосуз калган Баба-Ата мазары оңдолгондугу маалымдалган.

Итагар айылынын тургуну Нурболот Муратбековдун айтымында, Баба-Ата мазарынын айланасы тосмолонуп, каралбай калган жерлери тазаланды.

«Баба-Ата мазарынын айланасында бузулуп калган жерлер оңдолду. Мазар буга чейин каралбай калган эле. Жергиликтүү тургундардын демилгеси менен мазардын 20 чакырым жолу менен короолору оңдолду», - деди ал.

Баба-Ата мазары Итагар айылында жайгашкан. Ал 19-кылымдарга таандык экени айтылып келет. Аксы районунун аймагында 7 бир тууган аалымдардын бири Баба-Ата Итагар жайлоосуна коюлганы маалым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7031
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
moison
17:54, 06 сентября 2017
Кийгендери дамбал, арабташпай ошол ыйык жерлерге барып зыярат кылып тазалайбыз деген элде эмне күнөө. Молдолор бир аз арыдан бери болсоңор боло
Нет аватара
moison
17:53, 06 сентября 2017
Азыркынын молдолору курусун, сакалды саксайтып өзүнчө эле террорист боло беришет. Ошол молдолорго иш козгош керек
Көп окулду
×