Бөлүмдөр
Шаршемби, 27-сентябрь
68.43    81.46    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Аксыдагы мазарда болгон чыр-чатакка дин кызматкерлери катышкан эмес, - муфтият

Turmush -  Аксы районунун Итагар айылындагы Баба-Ата мазарындагы жергиликтүү эл менен болгон чыр-чатакка Муфтияттын түзүмүндөгү дин кызматкерлери катышпагандыгын Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, Баба-Ата мазарын караган адам расмий дин кызматкери эмес.

Кечээ, 6-сентябрда Итагар айылынын 100дөй тургуну Баба-Ата мазарын тазалаганы барган жергиликтүүлөрдү ур-токмокко алган молдолорго нааразы болуп чогулушканы маалымдалган.

Айыл тургуну Куттубек Мырзамамыт уулунун айтымында, мазарды тазалаганы барган жергиликтүү тургундар менен мазарды караган шайыктын ортосунда талаш чыккан.

«Баба-Ата мазарын тазалаганы баргандарды мазардын шайыгы ал жерге киргизбөөгө аракет кылган. Кийин тургандар ал жерди өз алдынча тосуп, мазардын каралбай калганын сынга алышкан. Мындан улам шайык өзүнүн тааныштарын чакырып, айыл тургундарын коркутууга алыптыр. Ага нааразы болгондор бүгүн чогулушту. Милиция кызматкерлери коркутуп жаткан молдолорду эл менен жолугуштурду. Бирок, алар жергиликтүүлөрдү милиция кызматкерлеринин көзүнчө коркутууга алышты», - деген Куттубек Мырзамамыт уулу.

Тургундардын айтымында, 4-август күнү Баба-Ата мазарын тазалаганы баргандар кечкисин үйлөрүнө кетип жаткан учурда аларды белгисиз адамдар тосуп алып, коркутууга алышкан. Ошондой эле, Бакыт аттуу жергиликтүү тургунду ур-токмокко алышып, мазарга барбагыла деген талап коюшкан. Учурда бул факт боюнча милиция маалымат бере элек.

Белгилей кетсек, Аксы районунда кароосуз калган Баба-Ата мазары оңдолгондугу маалымдалган.

Итагар айылынын тургуну Нурболот Муратбековдун айтымында, Баба-Ата мазарынын айланасы тосмолонуп, каралбай калган жерлери тазаланды.

«Баба-Ата мазарынын айланасында бузулуп калган жерлер оңдолду. Мазар буга чейин каралбай калган эле. Жергиликтүү тургундардын демилгеси менен мазардын 20 чакырым жолу менен короолору оңдолду», - деди ал.

Баба-Ата мазары Итагар айылында жайгашкан. Ал 19-кылымдарга таандык экени айтылып келет. Аксы районунун аймагында 7 бир тууган аалымдардын бири Баба-Ата Итагар жайлоосуна коюлганы маалым.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 932
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу