Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Аксыда тургундар менен молдолор ортосунда чыккан чыр-чатакты милиция териштирүүдө

Turmush -  Аксы районунун Итагар айылында молдолор менен жергиликтүү тургундар ортосунда чыккан чыр-чатак милиция тарабынан иликтенүүдө.

Жалал-Абад ОИИБдин маалыматына караганда, тургундарды ур-токмокко алды деген молдолор учурда сурак берип жатат.

«Учурда молдолор менен жергиликтүү тургундардын ортосунда чыккан чыр-так иликтенип жатат. Баба-Ата мазарына башка шайык дайындоо жагы каралууда. Ошондой эле, молдолорго түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 6-сентябрда Итагар айылынын 100дөй тургуну Баба-Ата мазарын тазалаганы барган жергиликтүүлөрдү ур-токмокко алган молдолорго нааразы болуп чогулушканы маалымдалган.

Айыл тургуну Куттубек Мырзамамыт уулунун айтымында, мазарды тазалаганы барган жергиликтүү тургундар менен мазарды караган шайыктын ортосунда талаш чыккан.

«Баба-Ата мазарын тазалаганы баргандарды мазардын шайыгы ал жерге киргизбөөгө аракет кылган. Кийин тургандар ал жерди өз алдынча тосуп, мазардын каралбай калганын сынга алышкан. Мындан улам шайык өзүнүн тааныштарын чакырып, айыл тургундарын коркутууга алыптыр. Ага нааразы болгондор бүгүн чогулушту. Милиция кызматкерлери коркутуп жаткан молдолорду эл менен жолугуштурду. Бирок, алар жергиликтүүлөрдү милиция кызматкерлеринин көзүнчө коркутууга алышты», - деген Куттубек Мырзамамыт уулу.

Тургундардын айтымында, 4-август күнү Баба-Ата мазарын тазалаганы баргандар кечкисин үйлөрүнө кетип жаткан учурда аларды белгисиз адамдар тосуп алып, коркутууга алышкан. Ошондой эле, Бакыт аттуу жергиликтүү тургунду ур-токмокко алышып, мазарга барбагыла деген талап коюшкан.

Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Аксы районунун Итагар айылындагы Баба-Ата мазарындагы жергиликтүү эл менен болгон чыр-чатакка Муфтияттын түзүмүндөгү дин кызматкерлери катышпагандыгын билдирген.

Маалыматка караганда, Баба-Ата мазарын караган адам расмий дин кызматкери эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 927
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×