Бөлүмдөр
Шаршемби, 27-сентябрь
68.43    81.46    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Аксыда тургундар менен молдолордун чырынан кийин мазарга башка шайык шайланды

Turmush -  Аксы районунун Итагар айылында жергиликтүү тургундар менен молдолор ортосунда чыккан чыр-чатактан кийин Баба-Ата мазарына башка шайык шайланды.

Итагар айылынын башчысы Ажибек Алымкулов билдиргендей, тургундардын талабы менен мазарга башка шайык дайындалды.

«Динди туура түшүнгөн айыл тургуну мазарга шайык болуп убактылуу шайланды», - деди ал.

Буга чейин Итагар айылынын 100дөй тургуну Баба-Ата мазарын тазалаганы барган жергиликтүүлөрдү ур-токмокко алган молдолорго нааразы болуп чогулушканы маалымдалган.

Айыл тургуну Куттубек Мырзамамыт уулунун айтымында, мазарды тазалаганы барган жергиликтүү тургундар менен мазарды караган шайыктын ортосунда талаш чыккан.

«Баба-Ата мазарын тазалаганы баргандарды мазардын шайыгы ал жерге киргизбөөгө аракет кылган. Кийин тургандар ал жерди өз алдынча тосуп, мазардын каралбай калганын сынга алышкан. Мындан улам шайык өзүнүн тааныштарын чакырып, айыл тургундарын коркутууга алыптыр. Ага нааразы болгондор бүгүн чогулушту. Милиция кызматкерлери коркутуп жаткан молдолорду эл менен жолугуштурду. Бирок, алар жергиликтүүлөрдү милиция кызматкерлеринин көзүнчө коркутууга алышты», - деген Куттубек Мырзамамыт уулу.

Тургундардын айтымында, 4-август күнү Баба-Ата мазарын тазалаганы баргандар кечкисин үйлөрүнө кетип жаткан учурда аларды белгисиз адамдар тосуп алып, коркутууга алышкан. Ошондой эле, Бакыт аттуу жергиликтүү тургунду ур-токмокко алышып, мазарга барбагыла деген талап коюшкан.

Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Аксы районунун Итагар айылындагы Баба-Ата мазарындагы жергиликтүү эл менен болгон чыр-чатакка Муфтияттын түзүмүндөгү дин кызматкерлери катышпагандыгын билдирген.

Маалыматка караганда, Баба-Ата мазарын караган адам расмий дин кызматкери эмес.

Ал эми Аксы райондук соту 8-сентябрда элди коркутууга алды деген молдолордун ишин караган. Анда сот 6 адамга 1,5 миң сомдон айып салып, 18 сааттан коомдук жумушка чегерүү чечимин чыгарган.

Райондук сот КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 364-беренесинин 1-бөлүмүнүн (майда бейбаштык) негизинде чечим чыгарган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 389
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу