Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото - Аксыда жүктөгүч техникасы оодарылып кетти

Turmush -  Аксы районунда Сары-Челек коругунун шагыл жүктөөчү оор техникасы оодарылып кетти.

Кара-Жыгач айылынын тургундары билдиргендей, жүктөгүчтүн айнектери сынып, айрым тетиктери сынып калган.

Ал эми Сары-Челек коругунун директору Э.Ормоналиев коруктун техникасы оодарылып кеткенин тастыктады.

«Коруктун техникасы райондогу өзгөчө кырдаал учурунда элге жардам көрсөтөт. Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн жетекчилиги чөп жайытка жол салып берүүнү сурангандыктан жөнөткөнбүз. Ал жерде техника капталына кулап, айнектери сыныптыр. Учурда аны калыбына келтирүү тапшырмасы берилди», - деди Э.Ормоналиев.

Сары-Челек коругунун жолун оңдоого мамлекет тарабынан техникалар алынып берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 598
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×